7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дубайда КР Энергетика министрлиги менен Masdar жана EDF компанияларынын ортосунда меморандумга кол коюлду

605

Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында Дубай шаарында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Abu Dhabi Future energy company PJSC- Masdar» жана «Électricité de France» компанияларынын ортосунда үч тараптуу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Кол коюу аземи мамлекет башчынын катышуусунда өтүп, андан соң эки компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрдү.

Садыр Жапаров кол коюлган документти канааттануу менен белгилеп, аны ишке ашыруу жакын арада башталаарына ишеним билдирди. Ал өз кезегинде кыргыз тарап Меморандумдун алкагында шарттарды сапаттуу аткаруу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын камсыздай турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров жолугушуунун катышуучуларын өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалына өзгөчө көңүл бурууга чакырды, ал жылына болжол менен 142,5 миллиард кВт саатты түзөт, бирок учурда 13 пайыздан ашпаганы пайдаланылып жатат. Ал Кыргызстан «жашыл экономиканы» өнүктүрүүгө туруктуу багыт алганын баса белгиледи.

Өз кезегинде «Masdar» компаниясынын өкүлдөрү кол коюлган документтин алкагында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоордун – Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын куруунун маанилүүлүгүн айтып, Кыргызстандын таза энергетика тармагындагы максаттарын колдоого өз тажрыйбасын колдонорун баса белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялардын жетекчилери кыргыз тарап менен кызматташууну кеңейтүүгө жана келечектүү долбоорлорду талкуулоого даярдыгын билдиришти.

606