7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-июлдан баштап кумшекер жана малга кошумча нарк салыгы алынбайт

613

Мамлекекеттик салык кызматы 1-июлдан 31-августка чейин Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон кумшекерге, ал эми 1-июлдан тартып 31-декабрга чейин жылкыларга, бодо малга, кой-эчкиге, чочкого жана үй канаттууларына кошумча нарк салыгы алынбай турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеме мындай чечим азык-түлүктүн баасын турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганын маалымдады.

Өткөн аптада Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстанга шекер, өсүмдүк майы жана эт алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотуларын билдирген. Марипов анда бюджетке 200 млн. сомдой түшпөй каларын, бирок бул чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо оң натыйжа берерин айткан.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстан жана коңшу өлкөлөрдө кургакчылык байкалууда. Айрым эксперттер азык-түлүк маселеси курчушу мүмкүн деп эскертүүдө. Акыркы айларда Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин өсүп кетти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614