Маскка мындай кирешени Tesla компаниясынын акцияларынын кымбатташы алып келди. Учурда анын байлыгы жалпысынан 165,9 миллиард долларга жетти.
Tesla жана Space X компанияларын негиздеген Илон Масктын байлыгы өткөн аптанын аягында 9,9 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу Forbes журналынын маалыматына таянып РИА Новости жазды.
Маскка мындай кирешени Tesla компаниясынын акцияларынын кымбатташы алып келди. Учурда анын байлыгы жалпысынан 165,9 миллиард долларга жетти. Анткен менен миллиардер Forbes Real-Time (жаңыланган тизме) рейтингинде дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында дагы деле үчүнчү орунда кармалып турат.
Tesla акциялары өткөн аптанын аягында 7,8 пайызга кымбаттаган.
Forbes тизмеси боюнча эки апта мурда дүйнөдөгү бай адамдардын сап башына Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос чыккан. Анын байлыгы 193,5 миллиард доллар. Экинчи орунда LVMH мода үйүнүн кожоюну Бернар Арно турат. Анын капчыгында 192,9 миллиард доллар бар.