7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү протоколу ратификацияланды

309

ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Талант Мамытов «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.


«Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 2-декабрында кабыл алынган. Аталган Протокол менен Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 321-беренесинин 2-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ЕАЭБдин бажы чек арасынан өтүүдө жеке багажы текшерүүгө жатпай турган адамдардын тизмеси такталды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

310