7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эгиз кыздарын сабаган келин: Кайын журтка болгон ызамды кыздардан чыгарчумун

560

Социалдык тармактарда аял кичинекей кыздарды сабап жаткан учурда тартылган видео жарыялангандан кийин дароо эле Акыйкатчы институттун кызматкерлерине кыздардын укугун коргоону камсыздоону тапшырды.

Кылмышка шектүү аял окуя боюнча өз версиясын маалымдады. Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана анын апасы ага психологиялык басым жасап келишкен. Ызаланган ал ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн.

“Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем, кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген”, — деп айтып берген.

Ал ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөн. Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес. 18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен атасынын үйүнө кайтып келген. Бирок, 5 баласы менен ажырашып келген С.Д.нын атасынын карындашы анын атасынын үйүнө кирип алып, аны киргизбей койгон. Аял андан кийин С. Х. аттуу жаран менен никеге туруп, анын туугандарынын үйүндө жашап калат, бирок кайын журту анын кыздарын кабыл алышкан эмес. Анын айтымында, кайын энеси эгиздерди сабап, кордоп келген.

561