7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экологиялык маселелерди көтөргөн «Ак Илбирс» спектаклинин бет ачары өтөт

524

7-апрель күнү саат 17:00да Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз арама театрында белгилүү жазуучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовтун “Ак Илбирс” чыгармасынын негизинде, Жамал Сейдакматова атындагы «Тунгуч» жаштар драма театры даярдаган “Ак Илбирс” спектаклинин бет ачары өтөт.

Ошондой эле спектакль 16-17-19-апрель күндөрү “Сейтек” балдар борборунда уланат. Спектаклдин режиссёру-Гаухар Ажигулова. “Ак илбирс” спектаклинде экология, айлана-чөйрөнү сыйлоо жана адам баласынын ырайымсыздыгы, адамзаттын жок болуп бара жаткан жаныбарларды жок кылып жаткандыгы көтөрүлөт.

Максаты- калктын экология боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстандын өкмөтүнө экологиялык саясатты жакшыртууга көмөк көрсөтүү, Кызыл китепке кирген жаратылышты жана жаныбарларды сактоонун маанилүүлүгүн белгилөө, ак илбирсти сактап калуу жана анын санын көбөйтүүнү көздөйт.

Спектакль президенттин колдоосу менен коюлат. 2023-жылдын 30-декабрында президент Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу” деген жарлыкка кол койгон. Белгилесек, Кыргызстанда 330 ак илбирс бар.

525