7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Орок айылында курулуп жаткан стадионго барды

505

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Орок айылында курулуп жаткан стадиондун аймагына келип, курулуштун жүрүшүн текшерип, инфратүзүмдүк объект тууралуу журналисттерди кызыктырган суроолоруна жооп берди.

КФБ жетекчиси 45 миң кишилик стадиондун курулушу эки жылда бүтө тургандыгын билдирди. Ал эми, бул жылы КФБнын жана Кыргыз Республикасынын футболду өнүктүрүү фонду, мэриялар, аймактык башкаруу органдарынын көмөгү менен он эки стадион реконструкциядан өтүп, эки жаңысы курулат.

506