7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык каттамдарга тиешелүү макулдашууга Кыргызстандын кошулуусу талкууланды

446

Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев аталган макулдашуу эл аралык ташууларды ишке ашыруучу  транспорт каражаттарынын экипаждарынын эмгек жана эс алуу режимдерин ченемдештирүү жана контролдоо жолу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын билдирди.

Талкуудан соң мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Андан тышкары, “2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 10-октябрындагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

447