7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элчи Россияда жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды

663

Кечээ, 9-сентябрда Кыргызстандын элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва облусу боюнча Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы башкармалыгынын ИК-5 Федералдык мамлекеттик мекемесинде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарына барды. Бул тууралуу Элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, РФ жазаларды-аткаруу тутумунун бул мекемесинде Кыргызстандын 11 жараны (аялдар) жазасын өтөп жатат.

«Аталган жарандар менен жолугушууда КР дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы РФнын аймагында соттолгон Кыргызстандын жарандарын жаза мөөнөтүн андан ары өтөө максатында Кыргызстанга кетирүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берип, ошондой эле жарандардын суроолоруна жооп берди жана алардын суроо-талаптары эске алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, элчилик дипломатиялык өкүлчүлүктүн жүргүзүп жаткан укук коргоо иш-чараларынын алкагында жогоруда аталган категориядагы жарандар менен иштөөнү улантат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664