7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды

619

Коомдук бирикменин төрагасы, жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-октябрында пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, «Элдик Көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.О. аттуу жаран 200,0 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

«Кармалган жаран кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3600 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Ал бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткиришин жана массалык маалымат каражаттарында жарыялоосу менен коркуткан. Ошол эле учурда анын беделине шек келтирген жүйө менен судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга президенттин администрациясында болгон байланыштар аркылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастады»,-деп берилет маалыматта.

Кармалган А.О., алардын кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында, К.Т.А. аттуу жарандын кызыкчылыгына иш алып жасалма ойдон чыгарылган арыз алган.

Белгилей кетсек, аталган жарандарга мурда «зордуктоо» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620