7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Электроскутерди уурдап саткан подполковник кармалды

603

Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде аскердик жана башка мүлктөрдү сакталуусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратудан билдирди.

Текшерүүдө, баасы 165 миң сомду  түзгөн электроскутер түрүндөгү мүлк, аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жана командири тарабынан уурдалып, андан ары сатылып, акчасы жеке муктаждыктарына иштетилгендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иш боюнча берилген атайын тапшырманын негизинде УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда, чогултулган далилдер менен кылмышка шектүү катары Коргоо министрилигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринин командири, гвардиянын подполковниги Т.М. кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары аныкталууда.

604