Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Бишкекте 5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган жарандар менен жолугушүу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө жабыркаган жарандар ден-соолугу, мындан ары дарылануу жана реабилитациядан өтүүсү боюнча маселелери жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү көйгөйлөрү тууралуу билдиришкен. Алар тарабынан медициналык мекемеде дарылануусу жана социалдык мүнөздөгү бир катар маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгы белгиленди.
«Ар бир жабыркаган адамга ден-соолугун көзөмөлдөп, медициналык жардам көрсөтө турган медициналык мекемелерди бекитип беребиз. Өкмөт өз кезегинде бардык маселелерди көзөмөлдөп турат», — деди Эльвира Сурабалдиева.