7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эльвира Сурабалдиева Чүй облусунун мугалимдери менен жолугушту

271

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


«Билим берүү тармагынын кызматкерлерине маанилүү стратегиялык милдеттер жүктөлгөн. COVID-19 пандемиясы учурунда мугалимдердин эмгегине жалпыбыз баа бердик. Аралыктан окутууга мугалимдер да, ата-энелер да, окуучулар да даяр эмес эле. Бирок пандемиянын шарттары өз түзөтүүлөрүн киргизди. Бүгүнкү күндө окууда эскирген, натыйжасыз ыкмаларды кайрадан карап чыгып, учурга ылайык келген заманбап ыкмаларды жана программаларды пайдаланууга өтүү зарыл. Тутумду өзгөртүүгө мезгил келип жетти», — деди Эльвира Сурабалдиева жана билим берүү тутумундагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулоого мүмкүндүк берген ушундай жолугушуларды өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, актуалдуу маселелердин жыйындысы талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

272