7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмгек министрлигинин кызматкерлери кармалды

1457

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды төлөөдө акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып алуу боюнча коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө маалыматтар алынган.

2021-2022-жылдарга карата Аламүдүн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүндө аудит жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Аламүдүн райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүүлөргө барып, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык жасалмалоо жана тиешелүү документтерди жасалмалоо жолу менен 9 млн 52 миң 926 сом өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды мыйзамсыз өздөштүрүшкөн. Алар башкы бухгалтер Б.А.Б., бухгалтерлер Д.Ж.А., А.Т.кызы, М.Н.Т., К.А.Ш., социалдык кызматкер С.Д.Т. жана социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери Т.Г.Т. жана А.Д.У. экендиги такталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кызмат адамдары тарабынан Аламүдүн районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция райондук бөлүмүндө ушул сыяктуу социалдык төлөмдөрдү максатсыз ыйгарып алуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүү пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1458