7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми Ала-Арча паркына кирүүдө киши башына акы алынат

235

Эми Ала-Арча паркына кирүүдө киши башына акы алынат. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине «Ала-Арча» жаратылыш паркынын директору Талант Жекшенов билдирди.

1-майдан тарта парктын аймагына кирүүдө жаңы эрежелер кирет. Мындан ары парктын ичине унаалар киргизилбейт. Унаалар үчүн атайын 2 миң орундуу унаа токтотуучу жай курулууда.

«Эс алуучулар унаа токтотуучу жайга унааны токтотуп, өткөрмө пунктунан жөө өтүшөт. Өткөрмө пунктан киши башына 200 сомдон акы алынат. Ал эми 7 жашка чейинки балдарга акысыз болуп, андан жогору жаштагыларга 150 сомдон алынат»,-деди ал.

Парктын ичинде адамдарды белгиленген жерге чейин электромобилдер акысыз ташыйт.

“Мындан сырткары, парктын ичинде эми от жагууга тыюу салынат. Ал үчүн атайын газ менен иштөөчү тамак-аш жасоочу жайлар курулууда», — деди ал.

236