7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми авиакомпаниялар ашыкча билет сата албайт. Кыргызстанда овербукингге тыюу салынды

151

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Кыргызстан аркылуу каттамдарды аткарган бардык авиакомпаниялар үчүн овербукинг практикасына тыюу салды.

Маалыматка ылайык, жаңы талап жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана тастыкталган авиабилети бар жүргүнчүлөрдү ташуудан баш тартуу учурларын алдын алуу максатында кабыл алынды.

Овербукинг- бул авиакомпаниянын учактагы орундардын санынан көп билет сатуу практикасы. Айрым өлкөлөрдө кеңири колдонулган мындай ыкма жүргүнчүлөрдүн каттамдан калып, кийинки рейсти күтүүсүнө, пландарынын өзгөрүшүнө жана кошумча чыгымдарга туш болушуна себеп болуп келет.

Жаңы талапка ылайык, Кыргызстан аркылуу каттамдарды аткарган бардык авиакомпаниялар сатылган авиабилеттердин саны учактагы орундардын санына толук шайкеш келишин камсыздоого милдеттүү.

Эгер техникалык же башка себептерден улам учак орундары азыраак аба кемесине алмаштырылса, авиаташуучу жүргүнчүгө анын макулдугу менен эң жакынкы каттамга орун сунуштоого же авиабилеттин акчасын толук кайтарып берүүгө милдеттүү.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиакомпанияларга билет сатуу боюнча ички жол-жоболорун жаңы талаптарга ылайыктап, кызматкерлерге тиешелүү нускамаларды өткөрүүнү тапшырды.

152