7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эми балдар кышында үшүбөйт». Миң-Куштагы окуучуларга президент кичи автобус белек кылды

784

Жаңы окуу жылына карата Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы балдарды мектепке ташып жеткирүү үчүн президенттин фондунан эки кичи автобус алып берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эми балдар кышында үшүбөй, ушул унаалар менен мектепке катташат. Буга чейин айыл өкмөтү тарабынан атайын унаа уюштурулуп, алыс жерде жашаган окуучуларды ташычу. Бирок унаа эски болгондуктан, бузулуп түйшүк жаратчу. Эми мындай көйгөй жаралбайт.

Кызматтык унаалардын ачкычын бүгүн президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов тапшырды.

Облус жетекчиси өз сөзүндө Миң-Куш өрөөнүнүн бардык көйгөйлөрү президент тарабынан чечилип жатканын айтып, гемодиализ аппараты дагы алынып берилгенин, жакында имараты жана кадр маселеси чечилсе коюлуп берилээрин, жолдорду асфальттоо кийинки жылдын бюджетине кирип жатканын белгиледи.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

785