Куудул Эмил Алимов кармалган оппозициячыл саясатчылар менен активисттер тууралуу пикирин билдирди. Анда ал бузукулук кылып жаткандардын орду түрмөдө экендигин баса белгилеген.
«Ичи ириң бузукуларга кайрылып жатам. Кечээ, бизди кармап кетти, куугунтук жасады деп жатасыңар. Ичиңердеги ириңиңер сыртка чыгып бузукулук кылып жаткан болсоңор, алып барып камап койгону эң жакшы болот. Силерге окшогон ички сасыткылардын орду түрмө. Мен табалабайм, айтайын дегеним ушул убакка чейин эч нерсени чечпеген айрым кыйындар чек араны мен чечем, жолдорун билемин дейт. Ушул убакка чейин чечпейт белеңер анда, не кылдыңар?! Күч түзүмдөрү эң туура кылып жатат, чекесинен камагыла! Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев туура эмес кадам таштап койсо эл силерсиз эле ордуна коюп коёт»,-деди ал.
Толугу менен видеону төмөнкү ссылканы басып көрө аласыздар ⤵️⤵️⤵️