7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмил Токтошев: Бул Кара-Кулжадан чыккан кандидаттын утууга шансы жок дегенди билдирет

3171

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңеште 90 депутаттан шайланууга тийиш. Анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

БШК бир мандаттуу депутаттар үчүн өлкө боюнча 36 округ түзүлгөнүн жарыялады. Ага Кара-Кулжа районунун тургундары макул эместигин билдирип, БШКдан тизмени кайра карап чыгуусун суроодо.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев, бул карта менен Кара-Кулжадан депутат шайлануусуна бут тосулду деп эсептейт.

«Кара-Кулжа району экиге бөлүнүп калды. Бул дегени Кара-Кулжадан чыккан кандидаттын эч кандай утууга шансы жок дегенди билдирет. Азыр 41-43 миң шайлоочу катталган, Албетте бир округ боло албайт, бирок жок дегенде бир жактуу Өзгөн районуна кошсо болмок. Алай району менен биздин тоолор эле чектеш, жолу айланып өтмө.  Жолу түз болсо да мейли эле, себеби талапкер эл менен иштеш керек.  Азыр Алайдан койгон кандидат Кара- Кулжага келбей эле утуп чыкканга мүмкүнчүлүгү болот.  Демек кийин кабар албай койот деген маселе бар«- дейт депутат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3172