7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмомали Рахмон кыргыз элине тынчтык жана туруктуулук каалады

1482

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

«Планетабыздагы бардык мусулмандар үчүн берекелүү болгон ушул күндөрдө Сизге Жараткандан чың ден соолук, бакыт-таалай жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тилейм.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерибиздин жана акыйкат Ислам дининин жогорку баалуулуктарынынын, анын ичинде өз ара түшүнүшүүнүн, тилектештиктин, сабырдуулуктун, ынак коңшулуктун, ошондой эле өз ара колдоонун негизинде эки элдин жыргалчылыгы үчүн өнүгө берет», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1483