7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Энергетика министринин пресс-катчысы жалган маалымат тараткан Эмилбек Каптагаевди Жыргалаңга чакырды

647

12 жылдан бери токтоп турган Жыргалаң көмүр кени кайра жанданып, ишке киргени тууралуу маалымат тараган. Андай маалыматты Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев жана журналист Турат Аким “жалган айтып жатышат, бул афера”-деп сынга алышкан.

Энергетика министринин пресс-катчысы Айзада Сулайманова Эмилбек Каптагаев менен Турат Акимди “үйүңөрдө отуруп алып калп жаза бербей, биз менен чогуу барып көрүп келип анан жазгыла”-деп Жыргалаңга чакырды.

“Мамлекетте бир жакшы жумуш башталса эле – ага мурдун тыгып, жамандык издеп, ичи тардык кылгандар дароо пайда болот. 12 жылдан бери иштебей токтоп турган Жыргалаң көмүр кени, учурда Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорун жана Ананьево айылын көмүр менен камсыздоо үчүн иштеп жатат.

Бул маалымат жарыялангандан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев жана өмүрүндө жакшы нерсени жазып көрбөгөн Турат Аким деген журналист сын айтып жатат.

“Булар элди алдап жатат, кана иштегени, иштебей эле турат”-дешип. Экөө тең басып барып көргөн эмес, үйүндө жонун тырмап жатып алып фейсбугуна пост жазып.  Каптагаевди дагы, Турат Акимди дагы жеринен көрүп, таанышып, мына ошондон кийин анан пикир айтууга чакырабыз. Жашоодо бир жаратмандык кылып көрбөгөн, мамлекет үчүн бир кирпич койбогондор сын айтса жаның кейийт экен”-дейт Айзада Сулайманова.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648