Бүгүн, 8-июнь Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Турдубаев Кубанычбек Апышевич ээлеген кызматынан бошотулду.
Ушул эле күнү, Президенттин жарлыгы менен 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды.