Күн мурун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармак аркылуу кайрылган эже-сиңдилерди кабыл алып, турак-жай маселесине байланыштуу бардык көйгөйлөрүн чечип берди.
Мында бир тууган эже-сиңдилерге 3 бөлмөлүү эки батир берүү боюнча курулуш компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кабыл алынган чечим УКМК төрагасынын тапшырмасы менен кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнөт.
Өз кезегинде эже-сиңдилер УКМКнын жетекчилигине маселени ыкчам чечкендиги үчүн жана кыргыз элине ыраазычылык билдиришти.