7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрбол Султанбаев: MegaCom компаниясы мамлекеттин карамагында калат

641

 «Альфа Телеком» (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда компанияга аукцон жарыяланды, ага КРнын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо.

«Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө», – деди ал.

Буга чейин MEGA компаниясы аукционго коюлганы жана анын баштапкы баасы 14,6 миллиард сом (166 миллион доллар) экендиги маалымдалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

642