7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрдогандын жеке даарыгери учакта жүрөгү токтоп калган кыргызстандык наристени сактап калды

1189

Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын жеке дарыгери Режеп Шекер учакта жүрөгү кармап калган кыргызстандык наристени ажалдан куткарды. Бул тууралуу Түркиянын маалымат каражаттары жазды.

Окуя 19-мартта Бишкек – Стамбул аба каттамында болгон. Бишкек шаарынан чыккан учак Анкара шаарына жакындап калганда,  наристенин абалы оорлоп, көгөрүп чыккан. Апасы түрк тилин да, англис тилин да билбегендиктен борт кызматкерлерине баласынын оорусун түшүндүрүп бере алган эмес.

Бирге учуп бараткан, Президенттин жеке даарыгери, Түркия парламентинин депутаты  Режеп Шекер жардамга келип, баланы ажалдан кутарып калган. Ал жергиликтүү ММКларга берген маегинде, балынын жүрөгү токтоп калганын айткан.

 

«Бала көгөрүп, дем ала албай жатыптыр. Анын жүрөгү токтоп калганын байкадым. Дароо жүрөгүнө массаж жасап, жасалма дем алдыргандан кийин ымыркай өзүнө келе баштады. Баланын эмне себептен мындай абалга келгенин түшүнө албадым, анткени эгиздердин апасы түрк же англис тилдеринде сүйлөй албайт экен», — дейт Режеп Шекер.

 

 

Андан соң учак Анкара шаарындагы Эсенбога аба майданына шашылыш конуп, наристени тез жардам менен ооруканага алып кетишкен. Учурда баланын абалы жакшы экени айтылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1190