7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең 4 миң милиция коопсуздукту көзөмөлдөйт

429

Бишкекте 5-ноябрдан 6-ноябрга чейин Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити өтөт жана Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

«Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чаралар тийиштүү деңгээлде көрүлүп жатат. Коопсуздукту жана коомдук тартипти талаптагыдай камсыз кылуу максатында оперативдүү штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттарын тактоо жүрүзүлгөн. Коомдук тартипти сактоого жана жол коопсуздугун камсыз кылууга 4 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат»,- дешти ИИМден. 

Расмий иш — чараларды өткөрүү учурунда милиция коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы жогорулатылган режимде кызмат өтөйт.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чараларды өткөрүү мезгилинде жолдордун айрым жерлеринде маал-маалы транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет.

 

 

430