Эртең Бишкектин бир нече көчөлөрүндө жалпы шаардык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
20-март, ишемби күнү саат 9: 00дө төмөнкү көчөлөрдө жалпы шаардык ишембилик өткөрүлөт:
— Чыгыш-5 кичи районунда 24-үйдөн №53 мектебине чейин;
— Чыгыш микрорайонундагы №29, №30, №31 үйлөрүнө караштуу машыгуу аянтчасы;
— Ботаникалык бакча. Гареева көчөдө жайгашкан Ахунбаев, 7-апрель көчөсү боюнча, (тиркелүүчү аймактын периметри боюнча унаа жолунун бөлүгүнө чейин);
— «Ак-Өргө» турак жай конушунда, Өмүр көчөсү боюнча Ашар көчөсүнөн Алыкулова көчөсүнө чейин;
— Логвиненко көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
— Гастелло көчөсү боюнча, Панфилов көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейин;
— Токтоналиев көчөсү боюнча №8, №10, №12
— Юг-2 микрорайонунда.