7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең инаугурация аземи учурунда 2500дөн ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

531

28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурация аземи учурунда 2500дөн ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарындагы Манас, Чыңгыз Айтматов жана Чүй проспектилериндеги негизги жолдордо коомдук жана жеке транспорттордун кыймылына чектөөлөр киргизилбейт. Кортеж өтүп бараткан убакта гана унаалар бир нече мүнөттөргө токтотулат.

ИИМ айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана маданияттуу болууга, унааларын жолдун боюнда токтотуп кетпөөгө чакырат.

Садыр Жапаровдун ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Ага миңден ашуун конок чакырылган.

Келген коноктордун баарынан коронавирус инфекциясына карата ПЧР анализдеринин таза чыккан маалымдамасы талап кылынат.

Ант берүү аземин чагылдыруу үчүн журналисттер киргизилбейт. Аны мамлекеттик телеканалдар түз алып көрсөтөт. Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында чоң экран орнотулуп, ошол жактан да көрүүгө болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

532