7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең Кыргызстанга жаңы учактар келет

363

Эртең, 6-сентябрда мамлекет сатып алган учактардын алгачкысы саат 10:00дө өлкөгө келип конот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, учак “Асман аба жолдору” авикомпаниясы тарабынан өлкө ичиндеги каттамдарга коюлат.

«Мамлекет эгемендик алган жылдар аралыгында биринчи жолу жарандарды тейлеген учак сатып алынып жатат. Жакын арада экинчи, 2025-жылдын жаз айында үчүнчү учак келип кызмат көрсөтө баштайт», — дейт Орунбеков.

Буга чейин «Асман аба жолдору» мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта бардык багыттар боюнча ички каттамдарды ишке киргизерин жарыялаган.

364