7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

231

Отурумдун күн тартибине ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында “Кыргызиндустрия”Ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудити боюнча отчет каралды. Бул маселе боюнча Эсептөө палатасынын аудитору Пардаали Батиров баяндама жасады.

“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүүнүн негизги максаты өнөр жайды модернизациялоону жана мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу болуп саналат.

“Кыргызиндустрия” ААКсы тарабынан жалпы 57 туунду ишканалар — жоопкерчилиги чектелген коомдор түзүлгөн, анын ичинен: 2023-жылы болгону 6 туунду ишканадан 8,3 млн сомго, 2024-жылы 4 туунду ишканадан 56,5 млн сомго киреше алынган.

2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун жана анын туунду ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча бир катар дал келбестиктер жана каржылык тартип бузуулары аныкталган.

Каржылык бузуулар — 19 042,0 миң сомду түзгөн, анын ичинде:
— Эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 1 391,2 миң сом;
— Нак акча каражаты жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгышы — 911,0 миң сом;
— Отчет берилбеген подотчеттук суммалар — 708,7 миң сом;
— Соцфондго кошумча чегерилген кирешелер — 692,9 миң сом;
— Салык мыйзамдарын бузуулар — 291,4 миң сом;
— Продукцияны өздүк наркынан төмөн сатуу – 977,7 миң сом;
— Аткарылган капиталдык оңдоо иштердин көлөмүн жогорулатуу — 7371,7 миң сом;
— Кирешени азайтуу — 3 985,6 миң сом;
— Бухгалтердик эсептин отчеттуулугунун бузулушу — 2 711,8 миң сом.

Мындан тышкары, аудит коом тарабынан жүргүзүлгөн сатып алууларда, мүлктү ижарага берүүдө жана уставдык капитал менен иштөөгө байланыштуу бир катар процедуралык бузууларды да аныктаган. Ошондой эле аткаруучу ишканаларга негизсиз аванстык төлөмдөрдүн берилиши каражаттардын натыйжасыз пайдаланылышы жана дебитордук-кредитордук карыздардын көбөйүшү белгиленген.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Эсептөө палатасынын Кеңеши тиешелүү чечимдерди кабыл алып, отчетто көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча жооптуу тараптарга чара көрүү сунуштарын иштеп чыкты.

Аудиттин жыйынтыктары Улуттук коопсуздук комитетине жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилет.

232