7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эсептөө палатасынын кеңешинин кезектеги отурумунда эмнелер каралды?

353
14-мартта Эсептөө палатасынын кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

2019-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн пилоттук шайкештик аудитинин жыйынтыктары тууралуу отчётту кеңешке аудитор Бадахшан Рыскулиев тааныштырды. Аудиттин жүрүшүндө бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча бир катар оң натыйжалар жана айрым кемчиликтер белгиленип, аларды жоюу боюнча сунуштар берилди.

Күн тартибинин кийинки маселеси катары 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн пилоттук финансылык аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчётту кеңешке аудитор Азамат Раматилаев сунуштады. Аудиттин жүрүшүндө агенттиктин ишмердүүлүгүндө айрым каржылык мыйзам бузуулар жана ички контролдоо системасындагы жетишсиздиктер аныкталып, бул багытта бир катар жакшыртуулар сунушталды.

Отурумдун соңунда бир катар уставдык жана уюштуруучулук маселелер каралды:

— Эсептөө палатасынын фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Бул документ фонддун каражаттарын натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланууга багытталган;
— Эсептөө палатасынын тышкы адистери жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөр палатанын ишине адистерди тартуу механизмдерин жакшыртууну көздөйт.

Отурумдун жыйынтыгында, каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, алардын аткарылышы көзөмөлдө болот.

354