7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

655

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө «КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 7-июнунда кабыл алынган. Мыйзам тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелеринде көчүрүп келүү процессин жакшыртуу, жөнөкөйлөтүү жана Кыргызстандын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Эми КРнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана башка документтерин кабыл алат жана алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аларды Кыргызстандын миграция боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтүшөт. Ошондой эле этникалык кыргыздарда жана кайрылмандарда бажы чек арасы аркылуу жеке пайдаланууга арналган өздүк автотранспорт каражаттары менен өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

656