7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Этникалык немецтерди сактоо боюнча долбоорлор улантылат

236

Бишкекте Кыргызстанда жашаган немец улутундагы жарандардын иштери боюнча кыргыз-герман өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жыйынга министрдин орун басары Медер Абакиров жана Германиянын өкмөттүк өкүлү Бернд Фабрициус теңтөрагалык кылышты.

Жыйында Кыргызстандагы немец коомчулугу эки элдин ортосундагы «достук көпүрөсү» катары бааланды. Этникалык немецтердин тилин, маданиятын жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоо боюнча долбоорлор улантылары айтылды.

Ошондой эле мектептерде жана ЖОЖдордо немец тилин окутууну кеңейтүү, DAAD жана Гёте-институту аркылуу академиялык алмашууларды өнүктүрүү макулдашылып, жаш ишкерлердин демилгелерине жана кыргыз-немец ишкерлер клубунун ишине көмөк көрсөтүү чечими кабыл алынды.

Иш-чаранын соңунда тараптар келечектеги кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын бекемдеген биргелешкен коммюникеге кол коюшту.

237