7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эжеге кат: «Бизди жер караткың келип турабы?» деген сөзү тагдырыңызды чечип койду

1511
«Сезим» борбору «Эжеме кат» аттуу рубрикага келген студент жаштардын каттарын жарыялайт. Чын дилден чыккан бул каттарда аялдардын, кыз балдардын учурдагы абалы, кыял тилектери туурасында олуттуу ойлор катылган. Каттар кайсы тилде, кандай жазылса ошол калыбында жарыяланат. Белгилүү себептерге байланыштуу авторлор өз ысымдарын купуя бойдон калтырышкан.

«Эже, биздин балалыгыбыз эң жылуу сезимдер менен эсте калды. Сиздин мектепти мыкты бүтүп, дүйнө жүзүн кыдырып, мугалим болуу кыялыңызды менден жакшы эч ким билбейт. Бирок, кичинеңизде эле ата-энебиз бай тааныштарынын баласына кудалап койгонуна каршы чыга албай, макул болуп калдыңыз. Ошол убакта сиздин келечек кыялдарыңыз атам менен апамдын «Эл эмне дейт? Бизди уят кылып, жер караткың келип турабы?» деген сөзү тагдырыңызды чечип койду. Эжем макул болгондо, «жок дегенде, жолдошу жакшы чыгабы?» деп ойлогом. Анысы аялды адам санабаган неме экен. Деги эле, бир ишти жакшы кылбаган, анысын ачуусу менен жууган бузуку неме. 

Үйгө келип, аялын аял дебей, баласын балам дебей сабаган зөөкүр. Биз сиздин үйгө качан барбайлы өңүңүз соолуп, күч кетип, арыктап, айтор, жашоонун кыйынчылыгын тартканыңызды көрөбүз. Апам ар дайыма «Кызым, күйөөңдүн сөзүнөн чыкпа, каяша сүйлөбө, сен аял кишисиң. Балдарың бактысы үчүн жаша» дейт. Эжемдин жүзүндө үмүт жок, гүлдөй соолуп калган. Жадыраган көздөрүңдөн мөлтүр жаш агып, токтоп калат. Ушул учурда апам сизди колдоп, бул зордук-зомбулуктан куткарганда, балким сиздин жашооңуз оңолот беле? Эми деле кеч эмес деп ойлойм.  Эже, ар дайым башкалардын көңүлү деп жүрүп, өмүрүңүз өтүп баратат. Апам капа болот, атам уят болот деген менен алар сиз тарткан азапты баары бир көрүшкөн жок да! Алар сизди жакшы үй-бүлө, бай жерге жашаганыңызга маани беришет. Бирок сиздин бирөөнүн алдында басынып, таяк жеп, ыйлап жүргөн жашоо кантип жакшы болсун? Кайда барам, кимге батам деп сарсана болбоңуз. Колуңузда диплом бар эмес беле, ишке чыгыңыз, мен сизге жардам берүүгө даярмын» — деп сиңдиңиз Айганыш.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1512