7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Фатима, Амина, Айша үй-бүлөбүзгө кубаныч алып келди…»

457

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну Шахноза айым 3 эм кыз төрөгөн. Ымыркайларга Фатима, Амина, Айша деген ысымды кайын энеси койгон.

22 жаштагы Шахноза менен байланышканыбызда эне балдардын абалы жакшы экенин билдирди.

«Бул күндөрдү көпкө күттүм. Биздин үй-бүлө үчүн чоң сүйүнүч алып келди. Бардык энелерге ушундай кубаныч каалайм. Учурда кыздарымдын абалы жакшы, акырындан чоңоюп жатышат. Төрөт ийгиликтүү өтүшү үчүн колдон келген жардамын жасаган дарыгерлерге абдан ыраазымын»,- деди ал.

Ымыркайлар 23-июнда жарык дүйнөгө келген. Шахноза айымдын бул экинчи төрөтү, бир кызы бар.

 

 

 

458