Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну Шахноза айым 3 эм кыз төрөгөн. Ымыркайларга Фатима, Амина, Айша деген ысымды кайын энеси койгон.
22 жаштагы Шахноза менен байланышканыбызда эне балдардын абалы жакшы экенин билдирди.
«Бул күндөрдү көпкө күттүм. Биздин үй-бүлө үчүн чоң сүйүнүч алып келди. Бардык энелерге ушундай кубаныч каалайм. Учурда кыздарымдын абалы жакшы, акырындан чоңоюп жатышат. Төрөт ийгиликтүү өтүшү үчүн колдон келген жардамын жасаган дарыгерлерге абдан ыраазымын»,- деди ал.
Ымыркайлар 23-июнда жарык дүйнөгө келген. Шахноза айымдын бул экинчи төрөтү, бир кызы бар.