Бугун Токио Олимпиадасынын фехтования боюнча мелдештери болуп өттү. Кыргызстандын намысын фехтования боюнча эл аралык спорт чебери Роман Петров коргоп, алгачкы таймашууда Түштүк Кореялык Сегеон Маны 15:7 эсебинде жеңип алды.
Белгилей кетсек 1/32 финалдык оюндар эртең мененки саат 9:00 до башталган. Мында 36 спортчу мөөрөй талашты.
Ал эми кийинки турда Роман Петров атаандашы Япониялык Ямада Масару менен беттешип 13:15 эсебинде жеңилип, тилеке каршы Олимпиадалык таймашуудан четтеп калды.
Бул тууралуу Токиодон маалыматты жеринен берген Кыргызстан курамасынын пресс-атташеси Кабыл Макешов билдирди.