7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Финпол: Автомектептердин салык төлөөдөн качуу схемасы аныкталды

256

Ош облусунун автомектептери тарабынан салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкан кылмыштуу схеманын бетин ачылды. Бул тууралуу Финансы полициясы кабарлады.

Мекеменин Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча райондор аралык бөлүмү мамлекеттик бюджетке зыян келтирүү фактыларын аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Анын алкагында, Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы автомектептердин “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын электрондук сайты боюнча экономикалык ишмердигине салыштырмалуу талдоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында айдоочулук күбөлүк алган курсанттар (контракттар) жөнүндө маалыматтар менен Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы берген маалыматтарында айырмачылыктар табылды.

Натыйжада, “А.П.” ЖЧКсынын автомектептеринин бири гана мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтиргени аныкталды. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Азыркы убакта Кыргызстандын бүткүл аймактарында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо, ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

257