7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Финполдун өкүлү мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды

272

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ички иликтөө жана коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы «Т.А.Р» аттуу жаран кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, ал мыйзамсыз баюуга шектелүүдө.

Маалыматтарга караганда, Финансы полициясынын ички иликтөө жана коопсуздук боюнча башкармалыгын Айбек Рахманбердиевич Токоев жетектейт.

УКМКнын маалыматы боюнча, Айбек Токоев 2014-жылдан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын органдарында жетекчи кызматтарда иштеп жүргөндө, Ош жана Бишкек шаарларынан 15тен ашык кыймылсыз мүлк сатып алып, жакын туугандарынын атына каттаган.

Мындан тышкары, Ош шаарында 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна олуттуу каражат жумшаган.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Токоевдин кыймылсыз мүлк жана финансылык активдеринин жалпы наркы 4 миллион доллардан ашат. Бирок бул анын мыйзамдуу кирешесине кирбейт.

УКМК аталган жетекчини 18-январда кармады. Учурда сотко чейнки өндүрүш иши алкагында анын бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо, ошондой эле алардын болжолдуу наркын аныктоого багытталган кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Маалыматтарга караганда, Айбек Токоев Кыргызстандын экс президенти Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоеванын тууганы экени айтылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

273