Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 21-июлда, Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу башталды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров №2 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлунун астында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин ар бири – Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен учурашты.
Учурашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү каадасы аяктагандан кийин мамлекет башчылары Консультативдик жолугушуу үчүн жыйындар залына өтүштү.