7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Төртүнчү консультативдик жолугушуунун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын астында сөз сүйлөдү

722

Президент Садыр Жапаров Төртүнчү консультативдик жолугушуунун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын астында сөз сүйлөдү

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунда жыйындын катышуучуларынын астында сөз сүйлөдү.

Президент Садыр Жапаров: “Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында боордош өлкөлөрдүн лидерлери менен кереметүү Ысык-Көл көлүбүздүн жээгинде жүз көрүшүп жатканыбызга терең кубанычтабыз”, — деп кыргыз элинин жана өзүнүн атынан кесиптештерине салам айтты.

Мамлекет башчы ошондой эле бүгүн Консультативдик жолугушууга биринчи жолу катышып жаткан Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовго өзүнчө салам айтып, токтолду.

Ал Сердар Бердымухамедов Гурбангулы Бердымухамедовдун миссиясын улантып, Борбор Азиядагы интеграция жана кызматташтык маселелерине салым кошоруна ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусун ачык деп жарыялап, бүгүнкү диалог ийгиликтүү жана натыйжалуу болуп, бардык актуалдуу маселелерди талкуулоого жана аларды чечүүнүн жалпы жолдорун табууга мүмкүндүк берет деген бекем ишенимин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723