7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогу Баткенде өтүүсү божомолдонууда

729

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогу Баткенде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен футбол ассоциациясы Кыргыз футбол бирикмесине жана Кыргыз профессионалдык премьер лигасына Баткен шаарында Кыргызстандын кубогунун финалын өткөрүү боюнча сунушун билдирген. Баткен шаары финалды өткөрө турган талапкер шаарлар катарына кирген.

10-августта финалдык беттештин уюштуруучу комитети жумуш сапары менен Баткендеги стадионду жана командалар жашаган жайларды минималдык талаптарга жооп бергидей болуусу үчүн текшерүү жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө инфраструктуралар боюнча бир катар суроолор жаралган.

Жыйынтыгында 31-августка чейин тиешелүү объекттерди талапка келтирүү үчүн убакыт берилген. Бул чечим Баткен футбол ассоциациясына, облус жана шаар администрациясынын жетекчиликтерин жеткирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

730