7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гүлшайыр Садыбакасованын 70 жаш мааракеси белгиленди

738

3-декабрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, ”Кыз-Бурак” кыздар эстрадалык тобунун негиздөөчүсү, обончу Гүлшайыр Садыбакасованын 70 жаш мааракеси салтанаттуу белгиленди.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, маданий, коомдук ишмерлер жана Гүлшайыр Садыбакасованын чыгармачылыгын сыйлаган инсандар катышты.

Алтынбек Максутов Гүлшайыр Садыбакасованын 70 жаш кутман курагы менен куттуктап, улутубуздун маданиятына, кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымына токтолуп, “сиз ак эмгегиңиз, бири-бирине окшошпогон жаркын обондоруңуз менен угуучулардын жана көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан, таланттарды баптаган, коомчулукта бараандуу ордуңуз бар инсансыз. Сиз менен биз сыймыктанабыз” деди министр.

Салтанаттуу кече Гүлшайыр Садыбакасова тууралуу тартылган тасма, ал жараткан обондор камтылган концерттик программа менен коштолду.

Гүлшайыр Садыбакасова кыргыз эстрада тарыхында урма аспапта ойногон алгачкы кыздардан болгон. 40 жылда ашуун тарыхы бар «Кыз бурак» тобунда 320дөн ашык кызды, 60дан ашык жигитти тарбиялаган. Учурда топто ырдаган кыздардын айрымдары чыгармачылык чөйрөдө эмгектенип келишет. Ал 130 ашуун обон жараткан. Көпчүлүгү эл арасында популярдуу.

 

739