Германияда акыркы бир суткада коронавирус жугузгандардын саны 16 минден ашып, анын ичинен 207 бейтап каза болду.
Бул тууралуу Германия саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы COVID-19 илдети боюнча статистика жургүзгөн Роберт Кох институтунун маалыматына таянып, “РИА новости” жазып чыкты.
Статистикалык маалыматка таянсак Германияда 2 645 783 жаран COVID-19 жуктуруп, 74 565 каза болгон.
Эске салсак бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылдын 11-мартында коронавир инфекциясы массалык жайылып жаткандыгына байланыштуу пандемия жарыялаган.