Дүйнө эли негизинен куш тумоосунун пандемиясына даярдык көрүп жаткан, бирок кокустан COVID-19 вирусу жайылып андан дагы коркунучту туудурду. Ал бир нече апта адамдын ичинде жашап, андан соң оору башталат. Ал учурда бейтаптар канчалаган жарандарга жуктурат. Бул тууралуу Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Гамалея эпидемиология жана микробиология илимий борборунун директору Александр Гинцбург «РИА Новости» маалымат булагына маек берип жатып билдирген.
Анын айтымында, пандемияны сасык тумоо эмес, COVID-19 алып келди.
«Чындыгында, бүткүл дүйнө эли анын ичинде биз COVID-19 пандемиясына эмес, куш тумоосуна даярданып жатканбыз, анткени сасык тумоо алгач канаттуулардын арасында айланат. Бирок, пандемияны сасык тумоо эмес, COVID-19 алып келди. Куш тумоосу чындыгында өлүмгө дуушар кылат. Бул илдетке чалдыккандардын 90-100 пайызы бул дүйнө менен коштошушкан. Куш тумоосу аба аркылуу канаттуулардан бири-бирине жугат, ал эми коронавирус илдети дагы аба аркылуу адамдарга жугуп жатат. Эки вирус тең өлүмдү чакырат», — дейт ал.
Ал белгилегендей, коронавирустан өлүм аз катталганы менен адамдарга тез жайылат. Илдеттин алгачкы белгилери дароо билинбеши мүмкүн, бирок бир нече жумадан кийин күч алат. Адам өзүнүн ооруп жаткандыгын билгенге чейин, башкаларга жугат, натыйжада вирус жайылып кетет.
2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Гамалеянын электрохимия илимий борбору тарабынан иштелип чыккан COVID-19 алдын алуу боюнча дүйнөдөгү биринчи «Sputnik V» вакцинасын каттады. Вакцина адамдын аденовирустук вектордук платформасынын жакшылап изилденген жана тастыкталгандыгына негизделген, анын маанилүү артыкчылыгы — коопсуздук, натыйжалуулук жана узак мөөнөттүү терс таасирлери жок. Учурда дары каттоодон кийинки анализдерден өтүп жатат.