7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды

934

Грек-рим күрөшү Федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганы үчүн грек-рим Федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды.

Ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жалпы кассасына акча (жалпы пайданын болжол менен 30%) чогултуп жүргөн.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

935