Бишкектеги ГУМда 23 жаштагы жаран эскалатордон кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө караганда, кырсык болгон жерге барган куткаруучулар 1999-жылы туулган С.Т.га биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Андан соң, жабырлануучуну тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.