7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гурбангулы Бердымухамедов: Кыргызстан Түркмөнстан үчүн келечектүү өнөктөш

533

«Кыргызстан — биз үчүн келечектүү өнөктөш, бирок быйылкы товар жүгүртүү көлөмүнүн өскөнүнө карабастан, жалпысынан эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогору деп эсептөөгө болбойт. Дыкат талдоо жүргүзүү зарыл жана толук кандуу кызматташууга тоскоолдуктарды четтетүү керек», — деп айтты.

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 28-июнда, Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө.
Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен болгон бүгүнкү жолугушууга өзгөчө маани берип, көптөгөн чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташууларды баалап, ошондой эле мындан аркы өз ара байланыштардын келечегин талкуулоо зарылдыгын белгиледи.
Ал күн тартибинде турган негизги маселелер катары жалпы тынчтыкты, туруктуулукту сактоо жана колдоо, террордук коркунучтарга каршы туруу жана Афганистандагы кырдаалды жөнгө салууну атады.
Гурбангулы Бердымухамедов түркмөн-кыргыз мамилелеринин концептуалдуу негизи эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү келечегине жана региондук, эл аралык өнүгүүгө болгон көз караштарда бирин-бири түшүнүү  менен шартталгандыгын баса белгиледи.
«Түркмөнстан ар дайым региондогу көйгөйлөрдү тынчтык жолу жана БУУнун Уставына ылайык, эл аралык укуктардын принциптери менен ченемдерин сактап, ынак коңшулук, бири-бирин сыйлоо принциптери менен чечүүнү жактайт», — деп белгиледи Түркмөнстандын Президенти.
Мындан тышкары, тараптардын көңүлүн экология, айлана-чөйрө темасы боюнча өз ара кызматташууга бурду. Атап айтканда, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен иштерди бир кыйла жандандыруу керек. Ал Борбордук Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгына токтолуп, бул өңүттө биргелешкен чечимдерди ишке ашырып, алдыга жылуу маанилүү экендигин баса белгиледи.
Анын айтымында, түркмөн-кыргыз сүйлөшүүлөрүндө афган темасы салтка айланып калгандай маанилүү орунду ээлейт. Баары Афганистанды тынчтык жолундагы, гүлдөгөн мамлекет, ынак коңшу катары көргүсү келет.
Ошону менен бирге Түркмөнстан Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет, бул багыттагы мамилелерди сапаттуу деңгээлде кеңейтүү зарыл.
Түркмөнстандын Президенти Кыргызстандын Президенти менен делегациясына ыраазычылыгын билдирип, чакан форматта бардык орчундуу маселелер талкуулангандыгын, алар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынаарын белгиледи.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдө тараптар отун-энергетика комплекси, транспорт, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Биргелешкен көргөзмөлөрдү ырааттуу өткөрүп туруу, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун байланыштарын өнүктүрүү сунуштары айтылды.
Гурбангулы Бердымухамедов энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташууну сүйлөшүүлөрдүн маанилүү учуру катары белгиледи. Атап айтканда, түркмөн жаратылыш газын жана электр энергиясын Кыргызстанга жеткирүү жөнүндө сөз болду.
Анын айтымында, түркмөн тарап Кыргызстандын бардык муктаждыктарын канааттандырууга жана техникалык, уюштуруу маселелерин талкуулоого даяр.
«Мен дагы бир жолу саясий эркимди баса белгилегим келет, биз бул маселелерге даярбыз» деп билдирди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

534