7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Хан» каймана аты менен белгилүү УКТ мүчөсү Нарындагы окуяга тиешеси жоктугун айтты

1020

Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, райондо «положенец» катары «Хан» каймана аты менен белгилүү болгон Чигентаев Алмаз Курманбекович, 1988-жылы туулган Кочкор районунун тургуну, коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде кечээ эле жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Н.Шаршеев менен дагы эч кандай байланышы жок экендигин айтты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алган.

«Эгерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо, УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылыңыздар. УКМК Нарын облусу боюнча башкармалыгы: 03522 50419; 0700 10-00-05; УКМК Кочкор райондук бөлүмү: 03535-50-386; 0507 88-23-88»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1021