“Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 7 кызматкери кармалган.
Козголгон кылмыш иштеринин алкагында аталган адамдардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, электрондук каражаттар (уюлдук телефондор жана ноутбуктар), ошондой эле диний мүнөздөгү маалыматтарды камтыган ар кандай адабияттар жана брошюралар табылып алынган.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган материалдарда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеологиясынын жана ишмердүүлүгүнүн белгилери бар экени тастыкталды. Андан сырткары, тергөө учурунда кылмыш ишинин айрым айыпталуучулары күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, диний-экстремисттик аракеттерге катышкандыгы үчүн өкүнүшкөнүн билдиришкен.
Бүгүнкү күндө «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюм (ДЭУ) айрым мүчөлөрүнө байланыштуу материалдар сот органдарына кароого жөнөтүлдү.